Бугу 03, 2024
Убакыт: 14:16
USD
88.70
89.60
EUR
94.80
95.80
RUB
0.945
0.975

Баткен жана Кара-Суу округдарында шайлоо өткөрүүгө дээрлик 24 млн сом жумшалат

06.03.2024 14:19
1252
Баткен жана Кара-Суу округдарында шайлоо өткөрүүгө дээрлик 24 млн сом жумшалат


Баткен жана Кара-Суу округдарында шайлоо өткөрүүгө 23 миллион 934 миң сом жумшалат. Бул туурасында Борбордук шайлоо комиссиясы билдирди.


БШК кечээ Жогорку Кеңешке жаңы депутаттарды шайлоого кеткен чыгымдын сметасын бекитти. Каражат республикалык бюджеттен бөлүнөт.


Аталган эки округда 223,5 миң шайлоочу бар. Добуш берүү күнү 28-апрелге белгиленген.


Буга чейин аталган бир мандаттуу округдардан парламентке шайланган депутаттар Искендер Матраимов менен Нурлан Ражабалиев БШКга өз ыктыяры менен мөөнөтүнөн мурда ыйгарым укуктарын токтотууга арыз жазып, мандатынан ажыратылган.

Теги

Пикирлер (0)

Коопсуздук коду

Пикир жок. Сиз биринчилерден болушуңуз мүмкүн