Чын курандын 25, 2024
Убакыт: 05:14
USD
88.90
89.70
EUR
95.00
96.00
RUB
0.945
0.960

Баткен жана Кызыл-Кыя шаарындагы борбордук мечиттер дезинфекцияланды

12.03.2020 15:42
846
Баткен жана Кызыл-Кыя шаарындагы борбордук мечиттер дезинфекцияланды


Бүгүн, 12-март күнү Баткен шаарындагы борбодук «Нуьмани» жана Кызыл-Кыя шаарындагы Мураталы ажы Жуманов атындагы мечитте коронавирустун алдын алуу максатында мечиттин ичин, дааратканаларды жана мечиттин айланасын тазалоо жана дезинфикациялоо иштери жүргүзүлдү. Бул тууралуу Баткен казыятынан кабарлады


Маалыматта айтылгандай, облус казысы Пазыл ажы Султанмуратов жана Баткен шаарынын баш имам хатиби Абдурашид ажы Юнусов баш болгон мечит жамааты дааратканаларды тазалап, айлана-чөйрөнү иретке келтиришти.


Муну менен катар Баткен медресесинде да дезинфекциялоо иштери жүргүзүлдү.


«Коронавирустун алдын алуу максатында мечиттерде, медреселерде жана коомдук жайларда түшүндүрүү иштерин жүргүзүп келүүдөбүз. Мындан сырткары ар бир шаардагы мечит имамдары өз аймактарына караштуу мечиттерди дезинфикациялоодон өткөрүшөт», — деди шаардын баш имам Абдурашид ажы Юнусов.


Пикирлер (0)

Коопсуздук коду

Пикир жок. Сиз биринчилерден болушуңуз мүмкүн