Бугу 05, 2024
Убакыт: 05:54
USD
88.70
89.60
EUR
95.00
96.00
RUB
0.950
0.975

Баткен жана Раззаков шаарына аба каттамдарынын саны көбөйүп, билет баасы арзандады

09.09.2023 19:17
365
Баткен жана Раззаков шаарына аба каттамдарынын саны көбөйүп, билет баасы арзандады

Баткен жана Раззаков шаарына аба каттамдардын саны көбөйдү. Бул тууралуу Президенттин Баткен облусу боюнча ыйгарым укуктуу өкүлү Абдикарим Алимбаев билдирди.


Анын айтымында, мындан ары Баткен шаарына жумасына эки ирет, Раззаков шаарына үч жолу каттамдар аткарылат.


"Мындан ары "Манас" эл аралык аэропортунан Баткен шаарына шаршемби жана жекшемби күндөрү, Раззаков шаарына шейшемби, бейшемби жана ишемби күндөрү учактар каттайт. Алыс региондо жашаган элибиздин транспорт көйгөйүн эске алуу менен TezJet компаниясы менен сүйлөшүп, авиабилеттин баасын 5500 сомго түшүрдүк. Ар кандай тейлөөлөрдү кошкондо билеттин баасы 5750 сомдон ашпоого тийиш",- деди облус башчысы.

Пикирлер (0)

Коопсуздук коду

Пикир жок. Сиз биринчилерден болушуңуз мүмкүн