Жетинин айы 23, 2024
Убакыт: 02:01
USD
86.55
87.05
EUR
89.80
90.80
RUB
0.830
0.875

Баткен жана Сүлүктүдөгү электр ишканаларына жаңы имараттар курулууда

09.07.2024 15:10
269
Баткен жана Сүлүктүдөгү электр ишканаларына жаңы имараттар курулууда


Энергетика министри Таалайбек Ибраев жумушчу сапарынын алкагында Баткен электр тармактар ишканасынын жана Сүлүктү райондук электр тармактарынын жаңы административдик имараттарынын курулушу менен таанышты.

Ведомстводон маалымдашкандай, Таалайбек Ибраев курулуштун сапатына өзгөчө көңүл буруп, иштин сапаттуу жүрүшүн камсыз кылуу жана аны белгиленген мөөнөттө бүткөрүү милдетин койду.

"Биз үчүн жаңы имараттардын сапаттуу болушу, эмеректер менен толук жабдылышы жана курулуштардын өз убагында бүткөрүлүшү абдан маанилүү. Биз Баткен облусунун энергетиктери үчүн жакшы шарттарды каалайбыз. Эгерде кызматкерлерге жакшы шарттар түзүлсө, алардын ишине сапаттуу мамиле жасалат, демек, бул абоненттердин тейлөө сапатына жакшы таасирин тийгизет", - деп баса белгиледи министр.

Сүлүктү РЭТтин жетекчиси Абдыпатта Исаев маалымдагандай, эски имарат 1935 -жылы курулган, эскилиги жеткен жана жайгашкан жери жер көчкү коркунучу бар деп тийиштүү мамлекеттик органдар менен тастыктаган.

Ошондой эле министр Баткен электр тармактар ишканасынын кызматкерлери менен кеңешме өткөрүп, анда күз-кыш мезгилине даярдык көрүү, тейлөө кызматтарын санариптештирүү, материалдык-техникалык база, атайын машиналар менен камсыздоо, акылдуу эсептегичтерди орнотууну тездетүү, трансформаторлордун кубаттуулугун жогорулатуу жана башка маселелери талкууланды.

Пикирлер (0)

Коопсуздук коду

Пикир жок. Сиз биринчилерден болушуңуз мүмкүн