Саламаттык сактоо министрлиги жаңы 33 тез жардам унаасы кандай бөлүштүрүлөрүн билдирди.
Маалыматка ылайык, унаанын көбү Баткендеги саламаттык сактоо уюмдарына берилет.
Баткен облусуна 7;
Жалал-Абад облусуна 6;
Ысык-Көл облусуна 5;
Бишкек шаарына 5;
Ош шаарына 2;
Ош облусуна 3;
Талас облусуна 2;
Нарын облусуна 2;
Чүй облусуна 1.
Эскерте кетсек, бүгүн, 1-февралда Бишкек шаарындагы Ала-Тоо аянтында президент Садыр Жапаровдун катышуусунда атайын техникаларды жана жаңы автобустарды тапшыруу аземи өттү.
Пикирлер (0)
Пикир жок. Сиз биринчилерден болушуңуз мүмкүн