Жетинин айы 22, 2024
Убакыт: 13:26
USD
86.50
86.85
EUR
90.40
91.40
RUB
0.845
0.885

Баткенде 12 баш мал уурдаган жигиттерди милиция мал базардан кармады

09.09.2020 17:56
1271
Баткенде 12 баш мал уурдаган жигиттерди милиция мал базардан кармады


Баткен облусунда уурдалган малды базарда сатып жаткан жарандар кармалды. Бул туралуу Баткен ОИИБдин басма сөз кызматы билдирди. 


Маалыматка караганда, Кадамжай районунун Марказ, Майдан айылынын тургундары өз үйлөрүндө байланып турган малын белгисиз адамдар уурдап кеткендиги боюнча милицияга арыз менен кайрылышат. 


Бул арыздар Кадамжай РИИБдин КЖБРне Жазык кодексинин 200-беренеси (уурдоо) менен катталып, сотко чейинки өндүрүш иши башталган. Кадамжай РИИБдин криминалдык милиция кызматкерлери ыкчам иликтөө иштерин жүргүзүшүп, Ноокат районунун 25 жаштагы, Майдан айыл аймагынын 25 жаштагы жана Үч-Коргон айылынын 28 жаштагы тургунун ар биринин базар баасы 60 миң сомдук болгон 2 баш бодо малды "Халмион" базарындагы мал базарда сатып жаткан жеринен аныктап кармашкан. 


Тергөөнүн жүрүшүндө жалпысынан 5 факт башкача айтканда 12 баш мал уурдагандыгы, шектүү кармалган үч жаран тең  мурда соттолгону такталып, азыркы күндө убактылуу кармоо жайына киргизилип, тергөө иштери жүрүп жатат. Ал эми уурдалган мал өз ээлерине кайтарылып берилди.


Пикирлер (0)

Коопсуздук коду

Пикир жок. Сиз биринчилерден болушуңуз мүмкүн