Баткен шаарындагы 90 койкалуу эски поликлиниканы ондоп-түзөө иштери кызуу жүрүүдө. Бул тууралуу республикалык штабдан билдиришти.
Маалыматка караганда, бүгүнкү күнгө карата ички бузуу иштери 100%га, чатырын демонтаждоо 50%га, бетон, грунтовка жана шпаклевка иштери 55%га, канализация 20%га, пол иштери 15%га жана электр чубалгылары 15%га аяктаган. Учурда 35 жумушчу иштеп жатат.
Белгилей кетсек, объектинин курулушу республикалык бюджеттин эсебинен каржыланып жатат. Сметалык наркы 12 млн 256 миң 928 сомду түзөт. Жалпы аянты 1210 чарчы метр.
Пикирлер (1)