Аяк оона 28, 2024
Убакыт: 05:49
USD
84.00
84.50
EUR
93.30
94.30
RUB
0.900
0.930

Баткен шаарында 12 млн сомго 90 орундуу оорукананын курулушу башталды

04.08.2020 14:55
1178
Баткен шаарында 12 млн сомго 90 орундуу оорукананын курулушу башталды


Баткен облусунда 90 орундуу оорукананын курулушу башталды. Бул тууралуу өкмөттүн Баткен облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлү Алишер Абдрахманов билдирди. 


Анын айтымында, курулушка  12 млн сомдон ашык каражат бөлүнгөн. 


"Ал үчүн Баткен шаарында жайгашкан мурдагы облустук Үй-бүлөлүк дарыгерлер борборунун имаратын капиталдык оңдоп түзөөдөн өткөрүп, жугуштуу оорулар ооруканасына ыңгайлаштырылат. Оорукананын курулуш иштери үчүн мамлекет тарабынан 12 млн сомдон ашык каражат бөлүнгөн. Учурда жумуш башталып, бир айлык мөөнөттө курулушту бүткөрүү аракети көрүлүп жатат», - деди ал. 


Теги

Пикирлер (0)

Коопсуздук коду

Пикир жок. Сиз биринчилерден болушуңуз мүмкүн