Чын курандын 26, 2024
Убакыт: 09:52
USD
88.90
89.70
EUR
95.00
96.00
RUB
0.955
0.980

Баткенде 1200 милиция кызматкери коомдук тартипти сактоодо

28.11.2021 14:50
469
Баткенде 1200 милиция кызматкери коомдук тартипти сактоодо

Баткен облусунун аймагында КР жогорку кеңешинин депутаттарын шайлоо өтүп жатат. Жалпы 1200гө жакын милиция кызматкерлери коомдук коопсуздукту сактоодо. Бул тууралуу Баткен ОИИБнын Басма сөз кызматы кабарлады.


 Шайлоо убагында жарандардын коопсуздугуна, мыйзамдуулуктун сакталышына, коомдук тартипти көзөмөлдөө жана мыйзамсыз иштерге ыкчам иш-чараларды көрүү максатында Баткен облусундагы ИИОнун (ички иштер органдарынын) кызматкерлери күчөтүлгөн тартипте иш алып барууда. Ал эми ар бир шайлоо участкаларына бөлүнгөн ИИОнун кызматкерлери, ыктыярдуу элдик кошуундар элдин коопсуздугун коргоо, санитардык-эпидемиологиялык эрежелерди сактоо менен бирге күчөтүлгөн тартипте иш алып барышууда.


Ошондой эле, COVID-19 илдетин алдын алуу үчүн жарандардын санитардык-эпидемиологиялык эрежесин жана аралыкты сактоо менен добуш берүү үчүн бет кап, кол кап кийип кирүүнү эскертишүүдө.

    Азыркы сааттарга укук бузуу фактылары аныкталган жок.


Пикирлер (0)

Коопсуздук коду

Пикир жок. Сиз биринчилерден болушуңуз мүмкүн