Баткен облусунда 130 этникалык кыргыздардын үй бүлөсүнө жардам берилди. Бул тууралуу Өкмөттүн Баткен облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлүнүн басма сөз кызматынан билдирди.
Маалыматка ылайык, Жогорку Кеңешинин Төрагасы Дастанбек Жумабековдун резервдик фондунан, Баткен облусунда жашаган, тарыхий мекенине көчүп келген этникалык кыргыздардын 130 үй бүлөсүнө жардам көрсөтүлгөн. Ар бир үй бүлөгө бир каптан ун жана өсүмдүк майы таркатылган.
Облустагы этникалык кыргыздардын басымдуу бөлүгү кошуна Өзбекстан менен Тажикстандан көчүп келгендер экени айтылат.
Пикирлер (0)
Пикир жок. Сиз биринчилерден болушуңуз мүмкүн