Баткен облусунун Ак-Сай айыл аймагынын Дахма айылынын тургуну тажик жарандары тарабынан сабалды. Бул тууралуу жергиликтүү журналист өзүнүн социалдык тармактагы баракчасына видео жарыялады.
Маалыматка ылайык, окуя 1-декабрда Дахма айылы менен Тажикстандын Сомониён айылында болгон.
2-топтогу майып Ж.Айдаров малдары тажик тарапка өтүп бара жатканда кайтаруу үчүн барган. Ошол кезде тажик жарандары аны кармап алып, башына кап кийгизип алып сабаган.
Жаран ооруканага жаткырылган. Дарыгерлер ал жаракат алганын тастыктаган.
Пикирлер (0)
Пикир жок. Сиз биринчилерден болушуңуз мүмкүн