Баш оона 14, 2025
Убакыт: 13:08
USD
87.30
87.80
EUR
101.70
102.70
RUB
1.090
1.125

Баткенде 25 жуптун үйлөнүү үлпөт иш-чарасы башталды

14.08.2025 10:55
15
Баткенде 25 жуптун үйлөнүү үлпөт иш-чарасы башталды


Баткенде "Мамлекеттин өзөгү - үй-бүлө" аталышында 25 жуптун үйлөнүү үлпөт иш-чарасы башталды. Бул тууралуу президенттин аймактагы өкүлчүлүгүнөн билдиришти.


Аталган иш-чара президенттин Баткен облусундагы өкүлүнүн аппараты, жергиликтүү бийлик органдары жана "Бүткүл дүйнөлүк мусулман жаштар ассамблеясы" коомдук бирикмеси менен биргеликте уюштурулууда. 


Алгач борбордук мечитте жаш жубайларга нике кыюу аземи өттү. 


Алдыда үйлөнүү үлпөт той жана маданий иш-чаралар уланат. 


Баткен облусунун аймагынан тандалып алынган 25 жаш жубайлардын тоюна жергиликтүү жетекчилер, демөөрчүлөр жана алардын жакындары катышып, куттуктоолор менен белектер жана сертификаттар тапшырылат. 


Иш-чаранын максаты үй-бүлөлүк баалуулуктарды бекемдөө, жаштардын келечегине дем берип, коомчулукту бир максатка бириктирүү, кайрымдуулук маданиятын жайылтуу жана социалдык колдоо көрсөтүү болуп саналат.

Теги

Пикирлер (0)

Коопсуздук коду

Пикир жок. Сиз биринчилерден болушуңуз мүмкүн