Бугу 09, 2024
Убакыт: 20:30
USD
88.50
89.40
EUR
94.80
95.80
RUB
0.955
0.975

Баткенде 27 жаштагы жаран дээрлик бир жылдан бери дайынсыз болууда

30.01.2023 09:58
267
Баткенде 27 жаштагы жаран дээрлик бир жылдан бери дайынсыз болууда

Баткенде 27 жаштагы Руслан   үйүнөн чыгып кеткен бойдон кайра кайтып келген эмес. Бул тууралуу Баткен облустук ички иштер башкармалыгынын маалымат кызматы билдирди.

 

Баткен районунун Бужум айылынын 47 жаштагы тургуну милицияга арыз менен кайрылган. Ал өзүнүн арызында 2022-жылдын 29-апрель күнү уулу 1995-жылы туулган Рашид уулу Руслан өзү жашаган үйдөн чыккан бойдон кайра кайтып келген эместигин билдирип, аны издөөгө көмөктөшүүнү суранган. 


"Белгилери: арык чырай, көзү кара түстө, чачы күрөң, бою 165-170см, психикалык жактан жабыркабайт.

Үйдөн кандай кийимде чыгып кеткендиги белгисиз.  

Эгерде төмөндөгү сүрөттөгү жигитти көрүп билгендер болсо, Баткен РИИБгн кабарлап коюңуздарды суранабыз.

Байланыш номурлар:(03622) 102, 5-17-56, 0774-77-86-88, 0552-00-22-74",- деп айтылат милициянын маалыматында.



Пикирлер (0)

Коопсуздук коду

Пикир жок. Сиз биринчилерден болушуңуз мүмкүн