Бугу 17, 2024
Убакыт: 18:19
USD
88.30
89.20
EUR
95.50
96.50
RUB
0.960
0.980

Баткенде 27 жаштагы жигитти опузалоого шектелип 4 адам кармалды

19.06.2020 16:29
941
Баткенде 27 жаштагы жигитти опузалоого шектелип 4 адам кармалды

 

Кадамжай районунда 27 жаштагы адамды уурдап кеткен деген шек менен 4 жаран кармалды. Бул тууралуу Баткен ОИИБдин басма сөз кызматынан билдирди.


Маалыматка ылайык, Кадамжай районунун 56 жаштагы тургуну ушул жылдын 2-март күнү саат 21:00 чамасында үйүнөн анын 27 жаштагы уулун белгисиз адамдар чакырып кеткенин айтып милицияга кайрылган.


Аталган факты 170-берене (адам уурдоо) менен катталып, сотко чейинки өндүрүш иши башталган. Анын алкагында 27 жаштагы адам аман-эсен табылган.


Окуя боюнча шектүү катары Ош шаарынын Жапалак айылынын 21 жаштагы тургуну Р.Т., Өзгөн районунун 22 жаштагы тургуну А.Э., Ош шаарынын 32 жаштагы тургуну С.Ж. жана Орусиянын аймагында каракчылык фактысы менен мурда соттолгон Кара-Суу районунун 22 жаштагы Т.Р. аттуу тургуну Ош шаарында изин жашырып жүргөн жеринен кармалган.


Шектүүлөр убактылуу кармоо жайга киргизилип, тергөө иштери жүрүп жатканы айтылат.

Пикирлер (0)

Коопсуздук коду

Пикир жок. Сиз биринчилерден болушуңуз мүмкүн