Бугу 16, 2024
Убакыт: 07:15
USD
88.40
89.30
EUR
95.30
96.30
RUB
0.960
0.980

Баткенде 375 орундуу жаңы мектеп жакын арада пайдаланууга берилет

07.07.2022 14:55
602
Баткенде 375 орундуу жаңы мектеп жакын арада пайдаланууга берилет


Баткен шаарындагы жаңы мектептин курулушу план боюнча жүргүзүлүүдѳ. Бул тууралуу Мамлекеттик курулуш агенттигинин басма сөз кызматы билдирди.

Маалыматка ылайык, учурда курулуш иштеринин даярдыгы 90% түзүп, жакында пайдаланууга берилет. Азыркы учурда подряддык уюм тарабынан сырткы жасалгоо иштери, жана көрктөндүрүү боюнча иштер жүргүзүлүүдѳ.

Мындан тышкары, окуу процесси үчүн керектүү жабдуулардын жана эмеректерди орнотуу иши башталды.

Белгиленгендей, мектеп 375 окуучуга ылайыкталган, бул калктуу конушта 700 окуучуга чейин окутууну камсыз кылууга мүмкүндүк берет. Анда долбоор боюнча окуу корпусу, галерея, ашкана, спорттук зал, актовый зал, ошондой эле жабдылган химия, физика, информатика класстары курулууда.

Эскерте кетсек, мектептин куруулушу 2020-жылы Сауд өнүктүрүү фондунун насыялык каражатынын эсебинен башталган. Анын сметалык баасы 1 млн 263 миң долларды түзѳт.

Пикирлер (0)

Коопсуздук коду

Пикир жок. Сиз биринчилерден болушуңуз мүмкүн