Жалган курандын 29, 2024
Убакыт: 12:07
USD
89.40
89.87
EUR
96.20
97.20
RUB
0.960
0.985

Лейлекте 650 литр күйүүчү майды аткезчилик алып өтүүгө аракет кылган жарандар кармалды

Лейлекте 650 литр күйүүчү майды аткезчилик алып өтүүгө аракет кылган жарандар кармалды

2021-жылдын 1-апрелинде Кыргыз Республикасынын УКМК тарабынан КР Кылмыш-жаза кодексинин 358-беренесинин 1-бөлүмүндө каралган (Мамлекеттик чек арадан мыйзамсыз өтүү) кылмыш белгилери боюнча кылмыштардын жана жоруктардын бирдиктүү реестрине катталган сотко чейинки өндүрүштүн алкагында, КР УКМК чек ара кызматынын «Жаны-Жер» аскер кызматкерлеринин жардамы менен биргеликте Баткен облусунун Лейлек районунда май куючу жайлардын биринин кампасына берилген санкциянын негизинде тинтүү жргүзүлдү.   Бул тууралуу УКМКнын басма сөз кызматы билдирди.


Кампанын аймагына жүргүзүлгөн тинтүүнүн учурунда, коңшу өлкөнүн жасалма мамлекеттик номеролүү жеңил унаа табылып, анын салонунан 650 литр солярка табылып алынды.

Учурда УКМК тарабынан иштин жагдайларын жана бул ишке катышкан адамдарды аныктоо боюнча тергөө-ыкчам иш-чаралар улантылууда.

Теги

Пикирлер (0)

Коопсуздук коду

Пикир жок. Сиз биринчилерден болушуңуз мүмкүн