Бугу 14, 2024
Убакыт: 06:47
USD
88.50
89.40
EUR
94.90
95.90
RUB
0.950
0.970

Баткенде 7 тонна контрабандалык жүк аныкталды

10.03.2023 14:30
293
Баткенде 7 тонна  контрабандалык жүк аныкталды

7 тонна селитраны контрабандалык жол менен алып өтүү фактысы аныкталды. Бул тууралуу Улуттук коопсуздук мамлекеттик комитетинин басма сөз кызматы билдирди.



Маалым болгондой,  УКМКнын Баткен облусу боюнча башкармалыгы жана КР УКМКнын чек ара кызматынын кызматкерлери тарабынан контрабандага каршы күрөшүү боюнча жүргүзүлүп жаткан иш-чаралардын алкагында, 8-март күнү КР Ж.А.У. аттуу жаранынын башкаруусундагы “Мерседес-Бенц” үлгүсүндөгү авто унаа кармалган.


Текшерүү учурунда унаанын ичинен Өзбекстан Республикасынан өндүрүлгөн минералдык жер семирткич түрүндөгү, товардык документтери жок контрабандалык жүк табылган.


Жүргүзүлгөн иштердин жыйынтыгы менен жогорудагы жарандын мыйзамсыз иш-аракеттери документтештирилип, унаасы жүктөрү менен унаа токтотуучу жайга, сактоого коюлду.

Бул факты боюнча ыкчам-издөө иш-чаралары жүргүзүлүүдө.



Теги

Пикирлер (0)

Коопсуздук коду

Пикир жок. Сиз биринчилерден болушуңуз мүмкүн