Аяк оона 28, 2024
Убакыт: 07:22
USD
84.00
84.50
EUR
93.30
94.30
RUB
0.900
0.930

Баткенде 90 жаштагы энеге үй куруп берилди

16.08.2024 14:58
271
Баткенде 90 жаштагы энеге үй куруп берилди


Баткенде жетекчилердин биргелешкен аракети менен 90 жаштагы энеге үй куруп берилди.

Президенттин Баткен облусундагы өкүлчүлүгүнөн билдиришкендей, 90 жаштагы Ташбүбү Абилова, 54 жаштагы ден соолугунан мүмкүнчүлүгү чектелген кызы менен туруктуу жашаган жайы жок айылдагы бош үйлөрдө баш калкалап келген.

Эненин жашоо шарты тууралуу маалыматтар социалдык тармактарда жарыяланып, жергиликтүү бийликке да маалым болгон.

Эне баланын тагдыры боюнча маалымат алган Баткен облусунун башчысы Абдикарим Алимбаев, мындан эки ай мурда аларга турак жай курууну колго алган. Алгач облус башчысынын тапшырмасына ылайык, апанын кызы Тажигүл Абиловага Баткен районунун Кара-Бак айыл аймагынын Алты-Адыр айылынан турак жай салуу үчүн 10 сотых жер участогу бөлүнүп берилген.

Облус башчысынын үй куруу демилгесин Баткен облустук мекеме-ишканаларынын жетекчилери колдоп, ыктыярдуу салым кошкон. Натыйжада эки ай аралыгында үч бөлмөлүү заманбап, бардык шарты бар үй курулуп бүттү.

Президенттин Баткен облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлүнүн аппаратынын кызматкерлери, үйдү турмуш тиричиликке керектүү буюмдар менен толуктаган.

Бүгүн турак үйдү ээлерине салтанаттуу тапшыруу аземи өттү. Ага Баткен облусунун башчысы Абдикарим Алимбаев баш болгон жетекчилер, мамлекеттик кызматкерлер, айыл тургундары катышты.

Облус башчысы Ташбүбү апага үйдүн ачкычын тапшырып, ак өргөсү менен куттуктап, узак жана бакубат жашоо каалады.

Ташбүбү эне турак үйдү курууга салым кошкон жарандарга ыраазычылык билдирип,чексиз бактылуу экенин билдирди.

Айыл аксакалдары жетекчилердин биргелешкен аракетин жогору баалап, ак баталарын беришти.

Теги

Пикирлер (0)

Коопсуздук коду

Пикир жок. Сиз биринчилерден болушуңуз мүмкүн