Бугу 16, 2024
Убакыт: 04:18
USD
88.40
89.30
EUR
95.30
96.30
RUB
0.960
0.980

Баткенде Абсамат Масалиевдин 90 жылдык мааракеси белгиленүүдө

30.11.2023 15:22
536
Баткенде Абсамат Масалиевдин 90 жылдык мааракеси белгиленүүдө


Кыргыз Республикасынын Баатыры, көрүнүктүү мамлекеттик жана саясий ишмер Абсамат Масалиевдин 90 жылдыгы кичи мекени болгон Баткен облусуна караштуу Кадамжай районунда белгиленүүдө. Бул тууралуу президенттин облустагы өкүлчүлүгүнөн билдиришти.

Иш-чара Абсамат Масалиевдин эстелигине гүл чамбар коюу менен башталды.

Андан соң президенттин Баткен облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлү Абдикарим Алимбаев баштаган жетекчилер, мамлекеттик жана саясий ишмерлер Алыш айылындагы Абсамат Масалиевдин туулуп-өскөн үйүнө барып, жакын туугандарынан кабар алышты.

Райондук маданият үйүндө өткөн иш-чаранын салтанаттуу бөлүгүндө мамлекеттик ишмердин өмүр таржымалы, эмгек жолу тууралуу даректүү тасма көрсөтүлүп, Абсамат Масалиевдин балалыгы, жаштыгы облустук драма театрынын артисттери тарабынан сахналаштырылды.

Бүгүн мааракенин урматына спорттун күрөш жана волейбол түрү боюнча чоң мелдеш өтүүдө. Мааракенин алкагында кол өнөрчүлүк жана айыл чарба көргөзмөлөрү да уюштурулду.

Пикирлер (0)

Коопсуздук коду

Пикир жок. Сиз биринчилерден болушуңуз мүмкүн