Бугу 20, 2024
Убакыт: 22:36
USD
88.20
89.10
EUR
95.60
96.60
RUB
0.960
0.980

Баткенде Ак-Гоорум каналынын курулушу аяктады

11.04.2020 14:37
1089
Баткенде Ак-Гоорум каналынын курулушу аяктады


Баткен облусундагы элдин күчү менен курулган Ак-Гоорум каналынын курулушу аяктады. Бул тууралуу Өкмөттүн Баткен облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлүнүн басма сөз кызматынан билдиришти.


Маалыматка ылайык, Кадамжай районунда Ак-Гоорум каналынын курулушу аяктап, текшерүү үчүн, алгач ирет суу берилди. Анын узундугу 7,5 километрди түзүп, 300 гектар жерге сугат суу жана 330 кожолукка таза суу жеткирилген.


Учурда жумуштун 98% аяктап, 12,8 миллион сом жумшалган. Жергиликтүү эл курулушка акысыз иштешкени айтылат.

 

Ал эми, курулуш иштерине каражаттар Беш-Арча тоо кен ишканасынын социалдык пакетинен жана “Ассалам” кайрымдуулук фонду бөлүп берген. 

Пикирлер (0)

Коопсуздук коду

Пикир жок. Сиз биринчилерден болушуңуз мүмкүн