Чын курандын 14, 2025
Убакыт: 02:50
USD
87.30
87.80
EUR
99.00
100.00
RUB
1.030
1.070

Баткенде Ата Мекендик согуштун ардагерлерине 75 миң сомдон тапшырылды

23.04.2020 15:39
1045
Баткенде Ата Мекендик согуштун ардагерлерине 75 миң сомдон тапшырылды


Баткен облусунда Улуу Ата Мекендик согуштун ардагерлерине 75 миң сомдон тапшырылды. Бул тууралуу Өкмөттүн Баткен облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлүнүн басма сөз кызматынан билдирди.


Маалыматка ылайык, Улуу Жеңиштин 75 жылдыгына карата, Баткен районунда жашаган 4 ардагерге 75 миң сомдон берилди. Мындан сырткары, тылда эмгектенген 56 эмгек ардагерине 15000 сомдон тапшырылган.


Ал эми мындай колдоолор облустун бардык аймактарындагы согуш ардагерлерине көрсөтүлөрү айтылат.


Маалыматка таянсак, Баткен облусунда учурда Улуу Ата Мекендик согуштун 10 ардагери бар.

Теги

Пикирлер (0)

Коопсуздук коду

Пикир жок. Сиз биринчилерден болушуңуз мүмкүн