Бугу 19, 2024
Убакыт: 14:21
USD
88.20
89.10
EUR
95.40
96.40
RUB
0.960
0.975

Баткенде БУУ тарабынан 113 тонна азык түлүк таратылды (фото)

08.04.2020 09:52
653
Баткенде БУУ тарабынан 113 тонна азык түлүк таратылды (фото)


Баткен облусунда Бириккен Улуттар Уюму тарабынан 113 тонна азык түлүк таратылды. Бул тууралуу Өкмөттүн Баткен облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлүнүн басма сөз кызматынан билдиришти.


Маалыматка ылайык, Лейлек, Кадамжай райондорунда багбанчылык, агротехнологиялык, ветеринардык кыска окутуу курстарынан өткөн 690 үй бүлөгө, 150кг ун жана 15 литрден өсүмдүк майы апрель айынын башынан бери таратылып жатат.


Ал эми, окутууларга Баткен облусунда жашаган жумушу жок, аз камсыз болгон, көп балалуу, ден соолугунан мүмкүнчүлүгү чектелген жарандар жашаган үй бүлөлөр катышкан. Окутуунун максаты жарандардын турмуш шартын жакшыртуу жана кайсы бир багытта иш баштоосуна көмөктөшүү.


Теги

Пикирлер (0)

Коопсуздук коду

Пикир жок. Сиз биринчилерден болушуңуз мүмкүн