Чын курандын 27, 2024
Убакыт: 18:25
USD
88.90
89.70
EUR
95.00
96.00
RUB
0.950
0.972

Баткенде Камчыбек Ташиев менен Саймумин Ятимов жолугушту

29.03.2024 19:18
233
Баткенде Камчыбек Ташиев менен Саймумин Ятимов жолугушту


Кыргыз-тажик мамлекеттик чек арасын делимитациялоо жана демаркациялоо боюнча Кыргызстан жана Тажикстандын өкмөттүк делегацияларынын теңтөрагалары Камчыбек Ташиев менен Саймумин Ятимовдун жолугушуусу болуп өттү. Бул тууралуу министрлер кабинетинин басма сөз кызматынан билдиришти.

Тараптардын жолугушуусу 29-мартта Баткен облусунун Баткен шаарында өттү.

Жолугушуунун жүрүшүндө Кыргыз Республикасынын жана Тажикстан Республикасынын Өкмөттүк делегацияларынын жетекчилери кыргыз-тажик мамлекеттик чек арасынын чечиле элек аймактарын делимитациялоону улантуу маселесин талкуулоо менен эки мамлекеттин чек арасын аныктоодо олуттуу натыйжаларга жетишти, ошондой эле Кыргыз Республикасынын жана Тажикстан Республикасынын кыргыз-тажик мамлекеттик чек арасын делимитациялоо жана демаркациялоо боюнча Өкмөттүк делегацияларынын жумушчу топторуна бул багыттагы ишти улантуу боюнча конкреттүү тапшырмалар берилди.

Жолугушуу достук маанайда жана өз ара түшүнүшүү кырдаалында өттү.

Пикирлер (0)

Коопсуздук коду

Пикир жок. Сиз биринчилерден болушуңуз мүмкүн