Аяк оона 21, 2024
Убакыт: 10:40
USD
84.00
84.50
EUR
93.30
94.30
RUB
0.900
0.940

Баткенде Кыргызстан менен Өзбекстандын муфтийлери жолукту (сүрөт)

26.06.2020 12:11
1325
Баткенде Кыргызстан менен Өзбекстандын муфтийлери жолукту (сүрөт)


Кечээ, 25-июнда Баткен облусунун Кадамжай шаарында  Өзбекстандан келген  делегация менен жолугушуу өттү. Бул тууралуу Кыргызстан Мусулмандарынын дин башкармалыгынын басма сөз кызматынан билдирди.


Маалыматка ылайык, жолугушуунун алкагында коңшулук мамилени чыңдоо, эки өлкөнүн мамлекеттик органдардын, жарандык коомдун жана диний уюмдардын өкүлдөрүнүн ортосундагы сабырдуулукту жана толеранттуулуктуу бекемдөө максатында “Чындыгында, ыймандуулар бир тууган” аталышындагы темада семинар өткөн.


Иш-чарага Кыргызстан мусулмандарынын Азирети Муфтийи Максатбек ажы Токтомушев, Дин иштери боюнча мамлекеттик комиссиясынын директору Зайырбек Эргешов, Өзбекстандын Министрлер кабинетине караштуу Дин иштери боюнча комитетинин төрагасы Абдугофур Ахмедов жана Өзбекстандын Муфтийи Усмонхан ажы Алимов катышкан.


Ал эми жолугушуунун максаты диний чөйрөдөгү актуалдуу маселелерди талкуулоо, коомдогу туруктуулукту сактоо, улуттар жана конфессиялар аралык ынтымакты чыңдоо болуп саналат. Ошондой эле мамлекеттер аралык диалог үчүн платформа куруу процессинде диний лидерлердин жана жарандык коомдун сабаттуулугун жогорулатуу экени айтылат.

 

Иш-чарада санитардык-эпидемиологиялык талаптар сакталган.

Пикирлер (0)

Коопсуздук коду

Пикир жок. Сиз биринчилерден болушуңуз мүмкүн