Чын курандын 28, 2024
Убакыт: 12:46
USD
88.90
89.70
EUR
95.00
96.00
RUB
0.945
0.970

Баткенде Кызыл-Бел айылында жаңы мектеп ачылды (фото)

24.12.2021 15:45
1486
Баткенде Кызыл-Бел айылында жаңы мектеп ачылды (фото)

Бүгүн, 24-декабрда Баткен облусунун Баткен районундагы Кызыл-Бел айылында А.Масалиев атындагы орто мектептин имаратынын салтанаттуу ачылыш аземи болуп өттү. Бул тууралуу президенттин Баткен облусундагы өкүлчүлүгүнүн басма сөз кызматы билдирет.


Маалыматка ылайык, иш-чарага Баткен облусунун башчысы Абдикарим Алимбаев катышты. Облус башчысы алгач мектептин жамаатын жана окуучуларды жаңы мектептин ачылышы менен куттуктап, жаңы билим уясы көптөгөн жылдар бою миңдеген жаш муундарга тарбия, билим берген куттуу жайга айлануусун каалады.


Ачылуу аземдин жүрүшүндө А.Алимбаев пайдаланууга берилген билим уясынын имараты менен да таанышып чыкты. Имарат жалпысынан 275 орунга ылайыкташып, мамлекеттик бюджеттин эсебинен салынган.


Белгилей кетсек А.Масалиев атындагы орто мектептин курулушу 2021-жылдын 23-майында башталып, “Аминь” ЖЧК тарабынан курулуш иштери жүргүзүлгөн. Жаңы мектеп заманбап эмеректер менен толук шартта курулуп пайдаланууга берилүүдө.


Маалымат катары айта турган болсок, аталган мектеп буга чейин эскилиги жеткендигине байланыштуу өлкө башчы Садыр Жапаровдун Баткен облусуна болгон иш сапарында 8 социалдык объектинин курулуш иштерин жүргүзүү жана капиталдык оңдоодон өткөрүү боюнча тапшырма койгон.


Кызыл-Бел айылынын тургундары жергиликтүүлөрдүн социалдык маселелерине көңүл буруп жаңы мектептин курулуусу боюнча өлкө башчысына өздөрүнүн ыраазычылыгын айтышты.


Эскерте кетсек, Баткен облусунун чек арадагы айылдарын калыбына келтирүү жана өнүктүрүү максатында өлкө башчысынын атайын жарлыгы чыккан. Ага ылайык, Баткен облусунун аймагында 8 социалдык объектинин курулуш иштерине жана капиталдык оңдоодон өткөрүү үчүн республикалык бюджеттин эсебинен 250 млн сом акча каражаты бөлүнгөн.


 


Теги

Пикирлер (0)

Коопсуздук коду

Пикир жок. Сиз биринчилерден болушуңуз мүмкүн