Теке 02, 2024
Убакыт: 02:14
USD
86.10
87.00
EUR
92.30
93.30
RUB
0.975
1.030

Баткенде “Коопсуздук 2021” машыгуусуна жигердүү катышкан милиция кызматкерлери сыйланды

13.04.2021 13:36
1193
Баткенде “Коопсуздук 2021” машыгуусуна жигердүү катышкан милиция кызматкерлери сыйланды


Бүгүн Баткен шаарында жер-жерлерде кызмат өтөп жаткан кызматкерлерге КР ИИМнин медалдары жана кезектеги наамдар тапшырылды. Бул салтанаттуу азем 1-3-апрель күндөрү “Коопсуз 2021” аскердик машыгуусуна жигердүү катышкан кызматкерлерди сыйлоо үчүн арналды. Иш-чарага Баткен ОИИБнын өздүк курамы Баткен район-шаардык ички иштер бөлүмдөрүнүн кызматкерлери, КР ИИМнин атайын багыттагы полкунун Баткен облусундагы ротасынын күжүрмөн кызматкерлери жана КР ИИМнин 707 ички аскерлер бөлүгүнүн кызматкерлери эле сыйлана турган кызматкерлер катышты. Бул тууралуу Баткен ОИИБнын Басма сөз кызматы билдирди.


Баткен ОИИБнын начальниги милициянын полковниги Мурат Боронов “Коопсуздук 2021” аталышындагы командалык-штабдык жана мобилизациялык машыгууларын өткөрүүдө милиция кызматкерлери жогорку деңгээлде иш алып баргандыгын белгилеп, ак ниеттүүлүк менен кызмат өтөгөн кызматкерлерге Кыргыз Республикасынын ИИМнин медалдарын жана Ардак грамоталарын салтанаттуу тапшырды.


Салтанаттуу аземде Баткен ОИИБнын начальниги милициянын полковниги Мурат Боронов: “Ар бир татыктуу иштеген кызматкерлерге сыйлыктар өз учурунда тапшырылат. Ал эми биздин милдет – жарандардын коопсуздугун сактоо” деп кызматкерлерди алган сыйлыктары менен куттуктап кетти.


Теги

Пикирлер (0)

Коопсуздук коду

Пикир жок. Сиз биринчилерден болушуңуз мүмкүн