Бугу 05, 2024
Убакыт: 04:49
USD
88.70
89.60
EUR
95.00
96.00
RUB
0.950
0.975

Баткенде Суу-Башы каналы оңдоодон кийин ишке берилди

25.07.2023 11:04
509
Баткенде Суу-Башы каналы оңдоодон кийин ишке берилди


Баткен районунун Кара-Булак айылында Суу-Башы каналы оңдоодон кийин ишке берилди. Бул тууралуу президенттин Баткен облусу боюнча ыйгарым өкүлүнүн басма сөз кызматы билдирди.


Канал 1964-жылы курулган. Анын бузулушуна байланыштуу суунун коромжусу 50 процентти түзгөн.


Бүгүнкү күндө 20 чакырым каналдын 2,5 чакырымы оңдолуп бүттү. Долбоордун сметалык баасы 14 миллион 600 миң сомду түзгөн.


Маалым болгондой, 60 миң доллар «Эмират» эл аралык кайрымдуулук уюму тарабынан бөлүнүп, 1 миллион 750 миң сому жергиликтүү бюджеттен каржыланган. Калган чыгымдарды жергиликтүү тургундар жана жеке ишкерлер көтөрүштү.


Басма сөзкызматы каналды оңдоо айылдагы 550 гектар жерди суу менен камсыз кылаарын белгиледи.

Теги

Пикирлер (0)

Коопсуздук коду

Пикир жок. Сиз биринчилерден болушуңуз мүмкүн