Бугу 17, 2024
Убакыт: 08:06
USD
88.40
89.30
EUR
95.80
96.80
RUB
0.960
0.980

Баткенде Ташиев менен Тажикстандын УКМК төрагасы чек ара боюнча бетме-бет отуруп сүйлөшүү жүргүзүүдө (видео)

29.01.2022 12:33
1741
Баткенде Ташиев менен Тажикстандын УКМК төрагасы чек ара боюнча  бетме-бет отуруп сүйлөшүү жүргүзүүдө (видео)

Бүгүн, 29-январда Баткен облусунда Кыргызстан менен Тажикстандын делегацияларынын жолугушуусу өтүп жатат. Бул тууралуу "Турмуш" басылмасы жеринен кабарлады.


Делегация Баткен районундагы «Кызыл-Бел унаа жолу» көзөмөл-өткөрмө пунктунда жолугушту. Тажикстандын делегациясын УКМКнын төрагасы Саймумин Ятимов жетектеп, делегациянын курамында Чек ара кызматынын жетекчилери, Согдий облусунун төрагасы Раджаббой Ахмадзода бар.


Ал эми Кыргызстандын делегациясын Министрлер кабинетинин төрагасынын орун басары — Улуттук коопсуздук мамлекеттик комитетинин төрагасы Камчыбек Ташиев жетектеп, делегациянын курамына ИИМдин, Чек ара кызматынын жетекчилери, Тышкы иштер министрлигинин өкүлдөрү, президенттин Баткен облусундагы өкүлү Абдикарим Алимбаев кирди.


К.Ташиев кесиптеши С.Ятимовго бетме-бет жумушчу жолугушуу өткөрүп, кыргыз-тажик чек ара тилкесиндеги окуяны талкуулоону сунуштады. Муну менен катар эле Кыргызстандын УКМКсынын төрагасы протоколдорго кол коюлбай турганын белгиледи.



Булак: "Турмуш"

Теги

Пикирлер (0)

Коопсуздук коду

Пикир жок. Сиз биринчилерден болушуңуз мүмкүн