Бугу 13, 2024
Убакыт: 15:15
USD
88.50
89.40
EUR
94.90
95.90
RUB
0.950
0.970

Баткенде Тажикстандан мыйзамсыз жол менен лимон алып кирүүгө бөгөт коюлду

14.12.2023 11:40
349
Баткенде Тажикстандан мыйзамсыз жол менен лимон алып кирүүгө бөгөт коюлду


2023-жылдын 12-декабрында Баткен чек арачылары УКМКнын жана Мамлекеттик бажы кызматынын аймактык бөлүмдөрүнүн кызматкерлери менен биргеликте контрабандалык жүктү алып өтүү аракетин токтотушкан. Бул тууралуу УКМКнын Чек ара кызматынын маалымат жана байланыш башкармалыгы билдирди.


Чек арачылар Кыргызстандын жараны 1994-жылы туулган Т.У.ны кармашып, анын Мерседес-Бенц үлгүсүндөгү унаасынан 3500 киллограммга жакын лимон табылган.


Айдоочуда ташылып жаткан жүктүн коштоо документтери болгон эмес. Кармалган жарандын айтымында, жүк Кыргызстандын дагы бир жаранына – Баткен областынын Лейлек районундагы Жаңы-Жер айылынын тургунуна таандык болгон.


Иликтөөнүн жүрүшүндө Тажикстан Республикасынан алынып келинген контрабандалык жүк Кыргызстандын аймагына сатуу пландалып жатканы белгилүү болду.


Кармалган аткезчилик жүктүн жалпы баасы болжол менен 700 миң сомду түзгөн.


Тиешелүү документтер толтурулгандан кийин контрабандалык жүк кошумча иликтөө үчүн компетенттүү органдардын кызматкерлерине өткөрүлүп берилди.

Пикирлер (0)

Коопсуздук коду

Пикир жок. Сиз биринчилерден болушуңуз мүмкүн