Бүгүн, 28-майда Кадамжай районунун Кыргыз-Кыштак, Алга айыл аймактарында кылкандуу дан эгиндерин жыйноо иштери башталды. Бул тууралуу Өкмөттүн Баткен облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлүнүн басма сөз кызматынан билдирди.
Маалыматка ылайык, бүгүн 2 гектар жерде арпа оруп жыйналган. Кыргыз-Кыштак, Алга айыл аймактарынын климаты ысык келгендиктен, аталган аймактарда облуста эле эмес, республика боюнча оруп жыйноо иштери биринчилерден болуп башталат. Жалпысынан Кадамжай районунда 2870 гектарга кылкандуу дан эгиндери себилген.
Ал эми адистер арпа гектарынан 35 центнерден алынып жатканын айтышат. Былтыркы жылы түшүм гектарынан 28 центнерден алынган.
Маалыматка таянсак, Баткен облусунда 2020-жылдын түшүмү үчүн 20702 гектарга кылкандуу дан эгиндери эгилген. Анын 7902 гектары буудай, 12797 гектары арпа.
Пикирлер (0)
Пикир жок. Сиз биринчилерден болушуңуз мүмкүн