Аяк оона 20, 2024
Убакыт: 04:01
USD
84.20
84.70
EUR
93.50
94.50
RUB
0.890
0.940

Баткенде аткезчилик менен алектенген тургундар УКМКнын кызматкерлерине ок чыгарып жаралаган

11.03.2021 17:06
1171
Баткенде аткезчилик менен алектенген тургундар УКМКнын кызматкерлерине ок чыгарып жаралаган

Кыргыз Республикасынын УКМК тарабынан Мамлекеттик чек ара аркылуу контрабандалык жол менен ташылган жүктөрдү аныктоо жана бөгөт коюу боюнча жүргүзүлгөн иш-чаралардын алкагында, Баткен областынын аймактар аркылуу товарларды мыйзамсыз ташуу жолдоруна тиешелүү улантылып жатакан иш-чаралар, Кыргыз Республикасынын жарандарынын - чек ара конуштарынын тургундарынын массалык нааразычылыгын жаратууда.


Белгилей кетсек, Тынымсыз өтүп жаткан аткезчиликке нааразы болгон тургундар, мамлекеттик органдарга нааразычылыгын билдирип "аракетсиздикке" айыптап, тиешелүү чараларды көрүүнү талап кылышууда.


Бирок, 2021-жылдын 11-мартында Кыргыз Республикасынын Кылмыш-жаза кодексинин 358-беренесинин 1-бөлүмү (Мамлекеттик чек арадан мыйзамсыз өтүү) кылмыш белгилери боюнча кылмыштардын жана жоруктардын бирдиктүү реестрине катталган сотко чейинки өндүрүш ишинин алкагында, Баткен районунун Самаркандек айылындагы кампага токтомунун негизиндеги тинтүү жүргүзүү учурунда, кампанын ээси Маширап Абдусаламов жетектеген 20га жакын адамдан турган жарандар, контрабандалык жүктү кармоого жол бербөө үчүн, УКМК мыйзамдуу иш аракеттерине каршы ок атуучу куралды колдонуп, физикалык каршылык көрсөтүшкөн.


Ошентип, кылмыштын процесстик документтерин алдын алуу максатында, аткезчилер тобу менен УКМК кызматкерлеринин ортосунда массалык кагылышуу болгон. 


Мамлекеттик каттоо номерлери жок, оор жүк ташуучу алты унаанын экөө чек арадан чыгып кетүүгө үлгүрүшкөн.

Салгылашуунун жыйынтыгында УКМКнын эки кызматкери денесине жеңил жаракат алышкан.


Учурда окуянын катышуучулары кармалып, бул иш боюнча ИИБ ыкчам-тергөө тобу биргеликте иштеп жатат.

Бул факт боюнча УКМК кылмыштын бардык жагдайларын жана катышуучуларын аныктоо боюнча тиешелүү ыкчам-тергөө иш-чараларын улантууда.


УКМК органдары аткезчиликти токтотууга, экономикалык коопсуздукту жана ата мекендик өндүрүүчүлөрдүн кызыкчылыктарын коргоого багытында, укук коргоо жана башка органдардын мыйзамдуу аракеттерине тоскоолдук кылуудагы, чек ара конуштарынын тургундарын мындай кылмыштар үчүн кылмыш жоопкерчилиги бар экендигин эске салышат.

Теги

Пикирлер (1)

Коопсуздук коду
Нурманов Райымбек
Баткендиктер өзүңөрдүн ичиңерде акмактар көп экен да.бүт чек арадагы тополоңду өзүңөр чыгарат экенсиңер тажиктерден товар алып товар берип мыйзамсыз колго түшсөңөр жон эле кармап кеттт деп чуу салып баарыңды мыйзамсыз иш кылгандарды провокация кылгандарды камаш керек балээнин баары өзүңөрдө экен!