Бугу 02, 2024
Убакыт: 04:04
USD
88.80
89.70
EUR
94.50
95.50
RUB
0.940
0.965

Баткенде аткезчилик менен мөмө-жемиш алып өтүүгө аракет кылган жарандар кармалды

06.03.2021 13:50
629
Баткенде аткезчилик менен мөмө-жемиш алып өтүүгө аракет кылган жарандар кармалды

Баткенде 1 миллион 700 миң сомдук контрабандалык жүк кармалды. Бул тууралуу УКМКнын Чек-ара кызматынын басма сөз кызматынан билдирди.


Маалыматка ылайык, жүк Тажикстандан алынып келе жаткан.

Лейлек районунун Сай аймагында чек ара кызматкерлери тарабынан 31 жаштагы Кыргыз жараны башкарган Мерседес-Бенц Спринтер үлгүсүндөгү жүк ташуучу унааны токтотушуп, текшерүү жүргүзгөндө 3 тонна лимон табылган. Ал эми Чок-Талаа аймагынан ушундай эле үлгүдөгү 4 жүк ташуучу унаа текшерилип, жалпы салмагы 11 тоннаны түзгөн лимон жана бадыраң табылды.


Табылган товарлар Тажикстан өлкөсүнөн Кыргыз өлкөсүнө контрабандалык жол менен ташылып бара жатканы белгилүү болду. Алдын ала эсептөөлөргө ылайык, контрабандалык жүктөрдүн жалпы баасы 1 миллион 717 миң сомду түзгөн.

Теги

Пикирлер (0)

Коопсуздук коду

Пикир жок. Сиз биринчилерден болушуңуз мүмкүн