Аяк оона 20, 2024
Убакыт: 05:48
USD
84.20
84.70
EUR
93.50
94.50
RUB
0.890
0.940

Баткенде аткезчилик менен ташылып бара жаткан 15 тонна көмүр кармалды

17.09.2021 15:56
712
Баткенде аткезчилик менен ташылып бара жаткан 15 тонна көмүр кармалды

Баткен облусунун Лейлек районунда аткезчилик жол менен ташылып бара жаткан жүккө бөгөт коюлду. Бул тууралуу УКМКнын Чек ара кызматынан билдиришти.


Маалыматта айтылгандай, Лейлек районунун Манты аймагында нөөмөттө турган чек ара тозоту Кыргыз өлкөсүнөн Тажикстанга өткөрүү пунктунан тышкары кетип бара жаткан Мерседес жана MAN үлгүсүндөгү жүк ташуучу унааны кармашкан.


"Айдоочулар чек арачыларды көргөн соң качууга аракет кылышкан.

Анда мыйзамсыз өтүүнүн алдын алуу максатында чек арачы асманга эскертүү иретинде ок чыгарып, курал колдонгон. Ага карабай айдоочулар жолун улаган, андан соң чек ара кызматкери унаанын дөңгөлөгүн көздөй ок чыгарган. Кармалган айдоочулар Кыргыз өлкөсүнөн Тажикстанга 15 тонна көмүр алып өтүүгө аракет кылган. 


Тиешелүү документтер толтурулгандан кийин кармалгандар жана көмүр кошумча иликтөө үчүн компетенттүү органдардын кызматкерлерине өткөрүп берилди", - деп жазылат атайын кызматтын маалыматында.


Пикирлер (0)

Коопсуздук коду

Пикир жок. Сиз биринчилерден болушуңуз мүмкүн