Бугу 18, 2024
Убакыт: 10:04
USD
88.20
89.10
EUR
95.40
96.40
RUB
0.960
0.975

Баткенде аткезчилик менен ташылып бара жаткан жалпы салмагы 30 тоннадай мандарин менен фарш аныкталды

Баткенде аткезчилик менен ташылып бара жаткан жалпы салмагы 30 тоннадай мандарин менен фарш аныкталды

“Баткен” бажысынын кызматкерлери мандарин жана фарштын контрабандасына бөгөт коюшту. Бул тууралуу Мамлекеттик бажы кызматынан билдиришти.


Маалыматка ылайык, бажы кызматкерлери тарабынан Исфана-Баткен-Ош автожолунда “Мерседес-Бенц Атего 1218” үлгүсүндөгү унаа текшерилген.


Унаанын жүк салынуучу бөлүгүн текшерүүдөө Пакистанда өндүрүлгөн “СП AAMIR и AL YOUSUF” маркалоосу менен 1100 куту санда мандарин табылган. Мандариндердин жалпы салмагы 11 792 кг түзгөн, жүк ЕАЭБ аймагына ташып келүүнүн мыйзамдуулугун тастыктаган товар коштоочу документтерсиз болгон.


КР Соода-өнөр жай палатасынын Баткен облустук бөлүмүнүн корутундусуна ылайык, кармалган товардын орточо базар баасы 777 миң 40 сомго бааланат. Аталган факт КЖБР МЭЖге катталып, иш боюнча материалдар Баткен облусунун прокуратурасына өткөрүлүп берилген.


Мындан тышкары, “Баткен” бажысынын контрабандага жана бажы эрежелерин бузууга каршы күрөшүү бөлүмүнүн кызматкерлери Баткен РИИБнин кызматкерлери менен биргеликте Исфана-Баткен-Ош унаа жолунда “Volvo” үлгүсүндөгү унааны текшеришкен.


Унаанын жүк салынуучу бөлүгүн текшерүү учурунда ЕАЭБ аймагына ташып келүүнүн мыйзамдуулугун тастыктаган тиешелүү жүк ташуу документтери жок 17 660 кг санда “Е” белгиси бар тоңдурулган тоок фаршы табылган.


Иштин чогултулган материалдары Кыргыз Республикасынын мыйзамдарында белгиленген тартипте андан ары кароо жана чечим кабыл алуу үчүн Баткен облусунун прокуратурасына өткөрүлүп берилген.


 

Пикирлер (0)

Коопсуздук коду

Пикир жок. Сиз биринчилерден болушуңуз мүмкүн