Жетинин айы 22, 2024
Убакыт: 13:25
USD
86.50
86.85
EUR
90.40
91.40
RUB
0.845
0.885

Баткенде айыл чарба жерин мыйзамсыз менчиктештирген кызматкер жоопко тартылды

21.02.2022 13:27
969
Баткенде айыл чарба жерин мыйзамсыз менчиктештирген кызматкер жоопко тартылды

Баткен областтык прокуратурасы тарабынан Жер мыйзамдарынын талаптарын бузуу фактысы аныкталган. Бул тууралуу Башкы прокуратуранын басма сөз кызматы кабарлады.


Алсак, Баткен районуна караштуу Кара-Бак айыл өкмөтүнүн мурдагы башчысы “Х.С.” аттуу жаран менен жең ичинен сүйлөшүүгө барып, ага айыл чарба багытындагы жерлердин жайыт түрүнө кирген 19 млн. 200 миң сом деп бааланган 10 га жер тилкесин мыйзамсыз ажыратып берген. Ал эми, аталган жаран жердин кыртышын бузуп, мамлекетке 464 миң 400 сомдук зыян келтирген.


Жүргүзүлгөн тергөөнүн жыйынтында, жер тилкени мыйзамсыз жеке менчикке өткөрүп жиберген жооптуу адамдар кылмыш жоопкерчилигине тартылып, келтирилген зыян толук өндүрүлүп, кылмыш иши соттун кароосуна жиберилди.

Пикирлер (0)

Коопсуздук коду

Пикир жок. Сиз биринчилерден болушуңуз мүмкүн