Баткенде чек ара кызматкерлери 27-сентябрда контрабандалык жүктү аныкташты. Бул тууралуу УКМКнын Чек ара кызматынын басма сөз кызматы билдирди.
Баткен облусунун Баткен районунун Чоң-Талаа айылында кызмат өтөө учурунда чек ара кызматкери 7 баштык керектөөчү товарларды Тажикстандан Кыргызстанга мыйзамсыз алып өтүүгө аракет кылган жаранды кармаган.
Алдын ала маалыматтар боюнча, кармалып калган жүктүн баасы 300 миң сомду түзгөн.
Пикирлер (0)
Пикир жок. Сиз биринчилерден болушуңуз мүмкүн