Жетинин айы 22, 2024
Убакыт: 15:31
USD
86.50
86.85
EUR
90.50
91.50
RUB
0.830
0.875

Баткенде балдардын коопсуздугу боюнча түшүндүрүү иштери жүргүзүлдү (фото)

15.05.2020 09:54
1037
Баткенде балдардын коопсуздугу боюнча түшүндүрүү иштери жүргүзүлдү (фото)


Баткен району жана Сүлүктү шаарында жашы жете элек өспүрүмдөр менен иштөө инспекциялары жергиликтүү тургундардын жашаган турак-үйлөрүнө барышып, аралыктан түшүндүрүү иштерин жүргүздү. Бул тууралуу Баткен ОИИБнин басма сөз кызматынан билдиришти. 


Маалыматка ылайык, Жыл сайын милициянын аймактык тескөөчүлөрү менен жашы жете элек өспүрүмдөр менен иштөө инспекциясынын кызматкерлери жаз алды менен жер-жерлерге барып, түшүндүрүү иштерин жүргүзүп келет. Анткени өспүрүмдөрдүн сууга чөгүүсү көйгөйлүү маселелердин бири.  Мисалы быйыл эле өспүрүмдөр сууга чөгүп каза болгон учурлар  Баткен районунда 2, ал эми Сүлүктү шаарында 1 учур катталган. Буга байланыштуу Баткен району жана Сүлүктү шаарында жашы жете элек өспүрүмдөр менен иштөө инспекциялары жергиликтүү тургундардын жашаган турак-үйлөрүнө барышып, аралыктан түшүндүрүү иштерин жүргүзгөн. 

Ошондой эле Ички иштер министрлиги ар бир ата-эне өз перзенттерине кайдыгер карабай, аларды көзөмөлгө алып, көңүл бурууну суранат. 


Пикирлер (0)

Коопсуздук коду

Пикир жок. Сиз биринчилерден болушуңуз мүмкүн