Бугу 15, 2024
Убакыт: 05:02
USD
88.40
89.30
EUR
95.00
96.00
RUB
0.955
0.980

Баткенде баңгизат ташып жүргөн кылмыштуу топ кармалып, 70 миң долларлык баңгизат алынды

26.10.2020 12:08
1097
Баткенде баңгизат ташып жүргөн кылмыштуу топ кармалып, 70 миң долларлык баңгизат алынды


ИИМдин Баңгизаттарды мыйзамсыз жүгүртүүгө каршы күрөшүү кызматынын Ош облусу жана Ош шаары боюнча башкармалыгынын кызматкерлери Мамлекеттик бажы кызматынын Баткендеги башкармалыгы менен биргеликте Кыргызстандын аймагына, андан соң башка өлкөлөргө Тажикистан Республикасынан афган түспөлүндөгү баңгизаттарды ташып жүргөн кылмыштуу топтун мүчөлөрүнүн ишмердүүлүгүн аныктоо, бөгөт коюу жана жоюу боюнча атайын операцияны ийгиликтүү аякташты.


ИИМдин басма сөз кызматы маалымдагандай, сотко чейинки өндүрүштүн алкагында Баткен облусунун Лейлек районунда жүргүзүлгөн атайын тергөө амалдарынын жүрүшүндө баңгизаттарды сактоого шектелип Лейлек районунун жашоочулары 1977-жылы туулган А.Ш. менен 1972-жылы туулган Р.К. кармалган. Кармалган жарандар баңги кылмыштуулугу боюнча уюшкан кылмыштуу топтун активдүү мүчөлөрү болушат.


"Андан сырткары, кызматтык итти колдонуу менен тинтүү иштерин жүргүзүү учурунда үйүндөгү бактын алдына көмүлгөн өзгөчө жыты бар таңгакталган баштык табылган. Соттук-химиялык эскпертизанын корутундусуна ылайык, 5 килограмм 873 грамм салмактагы апийим жана 3 килограмм 916 грамм болгон афган түспөлүндөгү гашиш табылып алынды. Кармалган жарандар убактылуу кармоочу жайга киргизилип, аталган кылмыш ишине тиешеси бар башка шектүүлөрдү аныктоо боюнча тергөө амалдары жүрүүдө. Тактама: көмүскө базарда жогорудагы алынган баңгизаттардын жалпы суммасы 70 000 АКШ доллар турат", - деп айтылат маалыматта. 





Теги

Пикирлер (0)

Коопсуздук коду

Пикир жок. Сиз биринчилерден болушуңуз мүмкүн