Баткен облусундагы № 2021 аскердик бөлүктө автоунаа жарылып, бир чек ара кызматкери жаракат алды. Бул тууралуу Чек ара кызматынын басма сөз кызматы билдирди.
Маалым болгондой, унааны кароо учурунда белгисиз зат жарылып кеткен. Мындан улам 2003-жылы төрөлгөн А.М. бутунан жаракат алган.
Аны токтоосуз Раззаков шаарындагы ооруканага жеткиришкен.
Чек арачынын абалы орточо оор деп бааланууда.
Аталган иш боюнча тиешелүү органдарга билдирүү берилген.
Пикирлер (0)
Пикир жок. Сиз биринчилерден болушуңуз мүмкүн