Бугу 20, 2024
Убакыт: 19:42
USD
88.20
89.10
EUR
95.60
96.60
RUB
0.960
0.980

Баткенде буудай менен арпа себүү бүтөйүн деп калды

08.04.2020 12:11
2381
Баткенде буудай менен арпа себүү бүтөйүн деп калды


Баткен облусунда буудай 96%, арпа 99,8% себилип бүттү. Бул тууралуу Өкмөттүн Баткен облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлүнүн басма сөз кызматынан билдиришти.


Маалыматка ылайык, 48миң 794 гектар жер айдоо иштери пландаштырылган, учурда 35,894 гектар жер айдалган. Айдоо жерлеринин 19220 гектарына кылкандуу дан эгиндерин себүү пландаштырылып, анын 1946 гектарына үрөн себилген. Натыйжада жумуш 99,1% аткарылган. Былтыркы жылдга салыштырмалуу 4757 гектарга көп айдалганы.


Буудай план боюнча 7175 гектарга себилип, 96%, арпа 12миң 46 гектарга 99,8% себилип бүткөн.


Мындан сырткары. картошка учурда 1124 гектарга, жашылча 676 гектарга эгилген.


Маалыматка таянсак, Баткен облусуна жаз эрте келгендиктен, өлкөдө өзгөчө кырдаал жарыяланганга чейин, кылкандуу дан эгиндерин себүү иштерин көпчүлүгү аткарылган. Калган жумуштар талаа жумуштары карантиндин эрежелерин сактоо менен аткарылууда. Учурда үрөн, техника, күйүүчү майга болгон муктаждык жок. Санитардык карантиндик көзөмөл постторунан үрөн, күйүүчү май ташыган унаалар тоскоолдуксуз, дезинфекцияланып, өтүп жатат.


Пикирлер (0)

Коопсуздук коду

Пикир жок. Сиз биринчилерден болушуңуз мүмкүн