Бугу 16, 2024
Убакыт: 15:19
USD
88.40
89.30
EUR
95.80
96.80
RUB
0.960
0.980

Баткенде чек ара боюнча сүйлөшүүлөр жүрүп жатат

21.02.2020 11:25
647
Баткенде чек ара боюнча сүйлөшүүлөр жүрүп жатат


Бүгүн, 21-февралда Баткен шаарында кыргыз-тажик өкмөттөр аралык чек араны тактоо боюнча сүйлөшүүлөр башталды. Ага Кыргызстандан жаңыдан вице-премьер-министрлик кызматка дайынданган Акрам Мадумаров жана Тажикстандын вице-премьер-министри Азим Иброхим катышууда. Кыргыз тараптан сүйлөшүүгө Тажикстандагы элчи Жаныш Рустенбеков, Баткен облусунун башчысы Алишер Абдрахманов жана өкмөттүн чек ара маселелери боюнча атайын өкүл Назирбек Бөрүбаев катышууда.


Тажик вице-премьери эл арасында ишенимди калыптандыруу керек экенин, эки тараптуу жумуш тобунун ишине да эл ишениши зарылдыгын айтты. Ошону менен катар ал жолугушуунун жыйынтыгы менен макулдашууга келип, документ кабыл алуу керектигин белгиледи.

Пикирлер (0)

Коопсуздук коду

Пикир жок. Сиз биринчилерден болушуңуз мүмкүн