Баткен шаарында 2021-жылдын апрелиндеги жана 2022-жылдын сентябрындагы чек ара окуяларынын курмандыктарын эскерүү иш-чарасы өттү.
Президенттин Баткен облусундагы өкүлчүлүгүнөн билдиришкендей, иш-чаранын жүрүшүндө чек арадагы куралдуу жаңжалда курман болгон жарандардын элесине арналып тургузулган эстелик мемориалына гүл чамбарлар коюлуп, куран окулду.
Эскерүү иш-чарасына Баткен облусунун башчысы Абдикарим Алимбаев баштаган жетекчилер жана чек ара окуяларында курман болгон жарандардын жакындары катышты.
Пикирлер (0)
Пикир жок. Сиз биринчилерден болушуңуз мүмкүн