Тогуздун айы 25, 2024
Убакыт: 08:21
USD
85.65
86.15
EUR
92.30
93.30
RUB
0.880
0.915

Баткенде чек арачы кокустан куралдан каза болду

01.06.2021 17:53
1212
Баткенде чек арачы кокустан куралдан каза болду

Кыргыз-тажик мамлекеттик чек ара тилкесинде куралды этиятсыз колдонуудан улам бир чек арачы каза болуп, экинчиси жаракат алган. Бул тууралуу УКМКнын Чек ара кызматынын коомчулук жана ЖМКлар менен байланыш бөлүмү билдирди.


Алдын ала алынган маалымат боюнча Баткен облусунун Баткен районунун Паскы-Арык айылында кызмат өтөө учурунда куралды этиятсыз колдонуунун жыйынтыгында КР УКМК ЧК бир аскер кызматчысы ордунда каза болуп, экинчиси жаракат алган.

Окуя тууралуу тиешелүү органдар кабардар болушкан.

Кырсык болгон жерде Баткен чек ара отрядынын колбашчылыгы бул факты боюнча териштирүү жүргүзүүдө.

Теги

Пикирлер (0)

Коопсуздук коду

Пикир жок. Сиз биринчилерден болушуңуз мүмкүн