Бугу 14, 2024
Убакыт: 12:23
USD
88.40
89.30
EUR
95.00
96.00
RUB
0.955
0.980

Баткенде чек арачылар күчөтүлгөн тартипте кызмат өтөөдө, - Чек ара кызматы

03.06.2020 09:35
1346
Баткенде чек арачылар күчөтүлгөн тартипте кызмат өтөөдө, - Чек ара кызматы


Баткен облусуна караштуу Кадамжай районунун Чечме жергесиндеги чектеш аймактарда Кыргызстан менен Өзбекстандын укук коргоо органдары кайгуул жүргүзүп жатышат. Бул тууралуу Мамлекеттик чек ара кызматынын жалпыга маалымдоо каражаттары жана коомчулук менен байланыш түзүү бөлүмү билдирди.


Алардын маалыматы боюнча, Баткен облусунда чек ара кызматынын бөлүмдөрү күчөтүлгөн тартипте кызмат өтөп жатышат.


Айдаркен багыты жана Өзбекстандын Сох багыты боюнча чек ара өкүлдөрү эки тараптын укук коргоо органдары менен биргеликте мамлекеттик чек араны бузуу, чек ара чыр-чатактарын болтурбоо жана алардын күчөп кетпөөсүн алдын алуу боюнча иш-чараларын жүргүзүшүүдө.


Кыргызстан менен Өзбекстандын чектеш аймактарындагы кырдаал эки өлкөнүн күч структураларынын көзөмөлүндө жана туруктуу деп мүнөздөлөт, деп кошумчаланат маалыматта.

Пикирлер (0)

Коопсуздук коду

Пикир жок. Сиз биринчилерден болушуңуз мүмкүн