Чын курандын 23, 2024
Убакыт: 14:59
USD
88.90
89.70
EUR
94.60
95.60
RUB
0.945
0.960

Баткенде чек арада болгон окуядан жаракат алгандардын саны 189га жетти

04.05.2021 11:33
1005
Баткенде чек арада болгон окуядан жаракат алгандардын саны 189га жетти

Баткендеги жаңжалдан жабыркагандардын саны 189 адамга жетти. Бул тууралуу Бишкектеги маалымат жыйында саламаттык сактоо жана социалдык өнүктүрүү министринин биринчи орун басары Ализа Солтонбекова билдирди.

Анын айтымында, 36 жаран курман болду.

“Ооруканаларда 100 адам дарыналууда. Буга чейин Бишкекке 59 жабырлануучу жеткирилген. Баткен облусундагы бейтапканаларда 41 киши жатат, калгандары амбулатордук түрдө дарылануусун улантууда. Учурда дары-дармектер жетиштүү санда”, - дейт ал.

Солтонбекова Баткенде 81 медкызматкер, 20 психолог иштеп жатканын белгиледи.

“Алар 11-майга чейин иштейт. Ошондой эле Баткенге 15 ыктыярчы барган”, - деди министрдин орун басары.

Эскерте кетсек, 28-апрелде Баткен районунун Көк-Таш айылындагы суу бөлүштүрүүчү жайга Тажикстандын жарандары видеокөзөмөл орното баштаган. Ага кыргызстандыктар каршы чыгышкан, көп өтпөй эки элдин жарандары бири-бирине таш ыргытуудан абал курчуп кеткен.

Өзгөчө кырдаалдар министрлигинен билдиришкендей, Баткен аймагында жалпы 107 турак үй, 2 мектеп, 1 ФАП, 1 бала бакча, 10 май куюучу жай, 8 дүкөн, 4 соода түйүнү, 4 соцобъект жана 5 башка мамлекеттик имарат күйгөн жана жабыркаган.

1-майда УКМКнын төрагасы Камчыбек Ташиев Тажикстандын УКМК башчысы Саймумин Ятимов менен сүйлөшүүлөрдү жүргүзүп, 4 пункттан турган протокол кабыл алынганын айткан. Ошол эле күнү Тажикстанда барымтада турган Лейлек районунун Интернационал айылынын башчысы жана 9 жергиликтүү тургун кайтарылган.

Бүгүн, 4-майга карата Баткен облусунун бардык райондорунда жана айылдарында, мамлекеттик чек арасынын кыргыз-тажик тилкесинде кырдаал туруктуу. Тараптар мамлекеттик чек ара тилкесинен аскер техникаларын чыгарып кетүү иштерин аякташты.

Баткен районунун Орто-Боз айылында Коргоо министрлигинин саперлор тобу буга чейин жарылбай калган снаряддарды зыянсыздандыруу иштерин жүргүзүүдө. Буга байланыштуу министрлик чек ара аймактарында жашаган кыргызстандыктардан жарылуунун үнүн укканда дүрбөлөңгө түшпөөнү суранат.

Теги

Пикирлер (0)

Коопсуздук коду

Пикир жок. Сиз биринчилерден болушуңуз мүмкүн