Тогуздун айы 25, 2024
Убакыт: 06:19
USD
85.65
86.15
EUR
92.30
93.30
RUB
0.880
0.915

Баткенде чек арада тажиктер тарабынан бир нече жолу ок атылды

02.12.2021 01:06
803
Баткенде чек арада тажиктер тарабынан бир нече жолу ок атылды
  1.  1-декабрь саат 21:15 чамасында Баткен облусундагы Дахма аймагында чек ара сызыгына жакын жерде Тажик тараптан белгисиз адамдар 7-8 жолу ок чыгарышты. Бул тууралуу Чек ара кызматынан билдирди.


Маалыматка ылайык, болжол менен ок аңчылык куралдан атылды. Кырдаалды тактоо үчүн жерине Кыргызстан менен Тажикстандын чек ара заставаларынын начальниктери барып, ок аткандарды издөө боюнча сүйлөшүү жүргүзүшкөн.


Окуя тууралуу жергиликтүү укук коргоо органдарына маалымат берилди.


Баткен боюнча чек ара өкүлү Кыялбек Төлөнбаев Тажикстандын Согди облусу боюнча өкүлү менен телефон аркылуу сүйлөшүп, чек арада чагымчылдыкка жол берилбеши керектигин талкуулашты.


Чек ара кызматы билдиргендей, саат 22:30га карата чек арада абал туруктуу, бирок бир аз чыңалуунун белгилери бар.

Булак: "Марал"

Теги

Пикирлер (0)

Коопсуздук коду

Пикир жок. Сиз биринчилерден болушуңуз мүмкүн