Бугу 10, 2024
Убакыт: 00:05
USD
88.50
89.40
EUR
94.80
95.80
RUB
0.955
0.975

Баткенде чек арадагы жаңжалдан жабыркаган үйлөрдү калыбына келтирем деген жаранга издөө жарыяланды

16.06.2023 17:56
449
Баткенде чек арадагы жаңжалдан жабыркаган үйлөрдү калыбына келтирем деген жаранга издөө жарыяланды

Баткенде ишкерди алдоо жолу менен ири суммадагы чыгымга учураткан жаран изделүүдө. Бул тууралуу Баткен облустук ички иштер башкармалыгынын маалымат кызматы билдирди .


Маалыматка ылайык, Баткен облустук милициясына Баткен шаарынын Базар-Башы кварталынын тургуну арыз менен кайрылып, алдамчылык жолу менен ири суммадагы чыгым алып келген жаранга карата тиешелүү чараларды көруп берүүнү суранган.


"2022-жылдын сентябрь айында Тажикстан менен Кыргызстандын куралдуу күчтөрүнүн ортосунда орун алган куралдуу кагылышууда жабыр тарткан курулуштарды калыбына келтирүүдө Баткен районунун Ак-Сай айылындагы 57 үйдүн курулушу менен Лейлек районунун тургуну 1967-жылы туулган Добурбек Кадыров алектенмей болгон. 2023-жылдын январь, февраль айларында жабырлануучудан мурда товар алып акчасын кайтарып жүргөн мамилесинен пайдаланып, Баткен районундагы темир материалдарын иштетүүчү цехинен 2023-жылы жалпы суммасы 1 295 482 сомдук курулуш материалдарын алып, 2023-жылдын 26-мартына чейин акчасын алып келип беремин деп алдап, убадалаган убактысына акчасын бербестен, байланышка чыкпай, качып кеткен. 

Аталган факты боюнча Баткен ОИИБдин тергөө кызматы тарабынан 2023-жылдын 16-майында Кыргыз Республикасынын Кылмыш-жаза кодексинин 209-беренесинин 3-бөлүмүнүн (Алдамчылык) негизинде кылмыш иши козголуп, издөө жарыяланган",- деп айтылат маалыматта.

Милиция  Добурбек Кадыровдун жүргөн жерин аныктоо жана кармоо максатында Баткен ОИИБдин нөөмөт бөлүмүнө билдирип коюуну суранат: 03622 5-01-24, 0555-57-50-70, 0557-78-62-78.


Пикирлер (0)

Коопсуздук коду

Пикир жок. Сиз биринчилерден болушуңуз мүмкүн