Бугу 09, 2024
Убакыт: 23:30
USD
88.50
89.40
EUR
94.80
95.80
RUB
0.955
0.975

Баткенде чек арадан мыйзамсыз өткөн жаран кармалды

30.01.2023 09:24
294
Баткенде чек арадан мыйзамсыз өткөн жаран кармалды

Баткен облусунун милициясы мамлекеттик чек арадан мыйзамсыз өткөн жаранды кармашты. Бул тууралуу Баткен ОИИБдин Басма сөз кызматынан билдиришти.


Маалым болгондой, Баткен ОИИБдин Экстремизмге жана мыйзамсыз миграцияга каршы аракеттенүү боюнча кызматынын кызматкерлери тарабынан Баткен облусунун аймагында жүргүзүлгөн "Экстремист" операциясынын жүрүшүндө мамлекеттик чек арадан мыйзамсыз өтүү фактысы аныкталган.  


Ыкчам-иликтөө иш-чараларынын жүрүшүндө жергиликтүү тургун 1957-жылы туулган М.М. Кылмыш-жаза кодексинин 378-беренеси (Мамлекеттик чек арадан мыйзамсыз өтүү) боюнча козголгон кылмыш ишинин негизинде кармалып, убактылуу кармоочу жайга киргизилген. Учурда тергөө амалдары жүргүзүлүүдө.



Пикирлер (0)

Коопсуздук коду

Пикир жок. Сиз биринчилерден болушуңуз мүмкүн