Тогуздун айы 06, 2024
Убакыт: 17:18
USD
84.60
85.10
EUR
92.70
93.70
RUB
0.880
0.925

Баткенде чек арадан жабыркагандарга 34 млн сомдук жардам көрсөтүлдү

27.08.2021 13:05
1862
Баткенде чек арадан жабыркагандарга 34 млн сомдук жардам көрсөтүлдү

Бүгүнкү күндө Баткен облусунда чек ара жаңжалынан жабыркаган 122 адам материалдык жардам алды. Бул тууралуу “Кабар” агенттигиндеги маалымат жыйынында саламаттык сактоо жана социалдык өнүктүрүү министринин биринчи орун басары Ализа Солтонбекова билдирди.


Анын айтымында, анын ичинен жакынын жоготкон 30 үй-бүлө жана 92 жабырлануучу бар. Материалдык жардам көрсөтүүгө бюджеттен 34,52 млн сом каралган.


“Каза болгондордун үй-бүлөлөрүнүн жана жабырлануучулардын бир жолку жардам алуу процедурасы жөнөкөйлөштүрүлгөнүн белгилеп кетким келет. “РСК Банкы” менен келишимге кол коюлган, ага ылайык жарандар кайрылган жерине карабастан банктын каалаган бөлүмдөрүнөн бир жолку материалдык жардамды ала алышат”,-дейт ал.


Солтонбекова айткандай, мындан тышкары каза болгондордун үй-бүлөлөрүнө жана жабыркагандарга ай сайын кошумча берилүүчү социалдык жөлөк пул түзүү боюнча мыйзам долбоору иштелип чыкты.


“Алдын ала эсептөөлөр боюнча, 75 адамга ай сайын 3700 сомдон кошумча социалдык жөлөк пул төлөөгө жылына 3 млн 363,3 миң сом керектелет. Кошумча жөлөк пулду төлөө ата-энеси каза болгондордун 18 жашка чыга элек балдарына жана жалгыз баласы каза болгон ата-энелерге жана жабырлануудан улам майыптык алгандарга төлөө пландалууда”, -дейт Саламаттык сактоо жана социалдык өнүктүрүү министринин орун басары.

Теги

Пикирлер (0)

Коопсуздук коду

Пикир жок. Сиз биринчилерден болушуңуз мүмкүн