Бугу 18, 2024
Убакыт: 18:43
USD
88.20
89.10
EUR
95.40
96.40
RUB
0.960
0.975

Баткенде чек араны мыйзамсыз бузуп өткөн үч чет өлкөлүк жаран кармалды

Баткенде чек араны мыйзамсыз бузуп өткөн үч чет өлкөлүк жаран кармалды


Баткенде чек араны мыйзамсыз бузуп өткөн үч чет өлкөлүк жаран кармалды. Бул тууралуу облустук милициядан кабарлашты.

Маалыматка ылайык, чет өлкөнүн жарандары 52 жаштагы С.О., 27 жаштагы тургуну И.Б., жана 23 жаштагы тургуну Х.С., Кыргызстандын кайтарууда турган мамлекеттик чек арасын бузуп өтүп, Баткен облусунун аймагында жүргөн жеринен кармалышкан.

Учурда КР Кылмыш-жаза кодексинин 378-беренесинин (Мамлекеттик чек арадан мыйзамсыз өтүү) негизинде кылмыш иши козголуп, алар убактылуу кармоо жайына киргизилган.

Тергөө амалдары уланууда.

Теги

Пикирлер (0)

Коопсуздук коду

Пикир жок. Сиз биринчилерден болушуңуз мүмкүн